Эл ѳкүлүн «Эргене» коомдук фондунун жетекчиси кечирим суроосун талап кылды

9 сентябрь 2019 12:45 1244 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

 «Эргене» коомдук фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова сотко кайрылып, депутат Евгения Строкованы жалган маалымат тараткандыгы үчүн жарандык жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу социалдык тармакта  маалымдалды.

Айтымында, Таалайгүл Сабырбекова миллион сом жана расмий түрдө кечирим сурашын талап кылууда.

«Депутат Евгения Строкованын ар бир айткандарын жокко чыгаруусун суранам», -деп айтылат «Эргене» фондунун башчысынын кайрылуусунда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгерлердин митингге чыгышынын артында Таалайгүл Сабырбекова турушу мүмкүн деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/el-kln-ergene-koomduk-fondunun-zhetekchisi-kechirim-suroosun-talap-kyldy



Добавить комментарий