Эл артисти, опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетова узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетова 2019-жылдын 2-январында 62 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Басма-сөз кызматы кабралады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2019-жылдын 4-январында саат 10:00до А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында өтөт.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү "Ала - Арча" көрүстөнүнө коюулат.
Добавить комментарий ×