Эксперт: Коронавирустун индия штаммы көз ачып жумганча жугат

24 июнь 2021 11:31 2845 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индияда жайылып, дүйнөгө тарап жаткан коронавирустун жаңы мутацияланган «дельта-плюс» (B.1.617.2.1) штаммы чагылгандай тездик менен таралуусу аркылуу өзгөчөлөнөт. Бул тууралуу Индиянын медициналдык илимдер институтунун директору Рандип Гулерия билдиргенинин “India Today” булагы кабарлады.

Адистин айтымында, вирустун аталган түрүн жуктуруп алыш үчүн ооруп жаткан адамдын жанынан өтүп кетүү эле жетиштүү. Мындан тышкары «дельта-плюс» штаммынын моноклоналдуу антителорго туруктуулугу менен иммунитеттин коргоочуларына “көрүнбөй” калышы дарыгерлерди кооптондурууда.

Учурда жаңы штаммды өзгөчөлүктөрүн изилдөө кызуу уланууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-koronavirustun-indiya-shtammy-kz-achyp-zhumgancha-zhugat



Добавить комментарий