Экс-мэрлердин соту 13-мартка жылдырылды

6 март 2019 13:13 866 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бириктирилди жана сот иши 13-мартка жылдырылды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Сергей Слесарев жергиликтүү ЖМКларга кабарлады.

Ишти Ленин райондук сотунда судья Кубанычбек Касымбеков карап жатат. Аталган ишке байланыштуу 14 адамга айып коюлган. Айрым айыпталуучулардын жактоочулары келбей сотко келбей калганына байланыштуу процесс 13-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек,Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы Бишкектин "Калыс-Ордо" жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча коррупция ишине айыптаган тергөө иштерин аяктап, бул боюнча Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун жана Албеку Ибраимов баштаган 14 адамдын иши сотко өткөрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-merlerdin-sotu-13-martka-zhyldyryldy



Добавить комментарий