Экс-депутат Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду
Бөлүшүү:
Парламенттин эск-депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу "Азия жанылыктары" маалымат кызматы жазды. Мындай маалыматты Азаттык өзбек кызматына Батыровдун жакындары тастыктаган.
Анда айтылгандай экс-депутат 4-декабрь түнү куптан намазын окугандан кийин жатып, ошол боюнча турган эмес.
Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.
Добавить комментарий ×