Экономист, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев каза болду
Бөлүшүү:
Экономист, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев дүйнө салды. Бул маалыматты анын жакындары тастыктады.
Маалыматка ылайык, 64 жаштагы Акенеев бүгүн эртең менен абалы начарлап, ооруканага түшкөн. Ал эми кечке жуук, жүрөк оорусунан каза болгон.
Акенеев буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган.
Ал 1993 — 1997-жылдары Улуттук статистикалык комитетин, 1997 —1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлик кызматында иштеген.
Акенеевдин артында үч уул, эки кыз калды.
Ссылка: https://barometr.kg/ekonomist-koomduk-ishmer-zhumakadyr-akeneev-kaza-boldu
Добавить комментарий ×