Экономика июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келет

11 июнь 2020 18:02 715 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Экономикадагы абал жакшырбаса, бюджетте каралган каражаттар пропорционалдуу түрдө кошумча кыскартылышы ыктымалбы? Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

 “Бизде абал өтө тез алмашып жатат, мындай кырдаал дүйнө жүзүндө да болуп жатат деген ойдомун. Ошондуктан карантин жана бул пандемия майдын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрө алабыз. 

Ал эми июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келип жатканыбыз көрүнөт жана, албетте, бюджет тийиштүү түрдө оңдолот. Мында оңдоолор биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз өнүгө турган сценарийлерден көз каранды болот. Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет “Мамлекеттик бюджеттин кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

 Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет”, - деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.


Ссылка: https://barometr.kg/ekonomika-iyul-avgustta-bul-krizisten-bara-bara-kajra-kalybyna-kelet



Добавить комментарий