Эколог Эмил Шүкүров бүгүн көз жумду

23 август 2019 14:01 1009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 23 августта эколог, биологиялык илимдердин кандидаты, географиялык илимдердин доктору, профессор, КР илимине эмгеги сиңген ишмери Эмил Шүкүров каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн Басма сөз кызматынын башчысы Чынгыз Эсенгулов кабарлады.

"Кыргызстандын экологиясына күйүп, тынчсызданган агабыз, эколог Эмил Шүкүров бүгүн көз жумду. Жаткан жери жаннаттан, ыйманы саламат болсун! Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп жазды Чынгыз Эсенгулов.

Шүкүров быйыл 81 жашка толгон.



Ссылка: https://barometr.kg/ekolog-emil-shkrov-bgn-kz-zhumdu



Добавить комментарий