Эки жигит 14 жаштагы инисин тарбиялайбыз деп таяк менен сабап өлтүрүп коюшту

8 апрель 2019 16:05 2351 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Самарканд облусунда карындашынын үйүндө конок болуп жүргөн эки агасы 2005-жылы туулган карындашынын баласын тарбиялайбыз деп денесине оор зыян келтиришкен. 

Алар экөө тең Навои облусунун тургундары болгон. Карындашынын 14 жаштагы баласын тарбиялоо максатында таяк менен өлгөнчө сабоого алышкан. Жыйынтыгында бала келтирилген оор жаракаттардан улам жеринде көз жумган.

Укук коргоо органдары жигиттерди кармап кетишкен, учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда баланы эмне үчүн мындай тарбиялоонуу туура көргөндүгү белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-zhigit-14-zhashtagy-inisin-tarbiyalajbyz-dep-tayak-menen-sabap-ltrp-koyushtu



Добавить комментарий