"Буттары сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен". Мирзиёевдин күйө баласы Кореяга жеткирилди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров эки буту чор сынып, дарылануу үчүн Түштүк Кореяга жеткирилди. Бул тууралуу "Озодлик" басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, ага 4-мартта Өзбекстанда операция жасалган. Умаров атайын медициналык учак менен чет өлкөгө жеткирилген
Мамлекет башчысынын 36 жаштагы күйө баласы 13-февраль күнү кечинде Ташкенттин борборунда кырсыкка кабылган.
Президенттин күйөө баласы мотоциклди катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, башкарууга туруштук бере албай, унааны сүзүп, андан кийин жыгылып, бетон бордюрга урунган.
Умаров дароо Ташкенттеги 16-шаардык ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, Умаровдун оң буту үч жерден сынган, катуу соккудан сол бутунун сөөктөрү майдаланып кеткен. Умаровдун бутуна Илизаров аппараты орнотулган.
Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин, Умаров Түштүк Кореяга жеткирилип, ал жерде эки жума карантинде болгон.
Добавить комментарий ×