"Эйр Манастын" Бишкек менен Оштун ортосундагы авиакаттамдары токтотулду

9 октябрь 2019 12:29 1370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-октябрда “Эйр Манас” авиакомпаниясынын “Бишкек-Ош” жана “Ош-Бишкек” багыты боюнча бардык каттамдары учпай калды. Бул компаниядагы техникалык мүчлүштүктөр себеп болгон.

Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун” маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда аталган каттамдардын учуу убактылары жылдырылган.

Токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы - 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 9:50
197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00
198-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 13:50
205- каттам Бишкек-Ош, убактысы - 16:00
206-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 18:10

Учуулардын убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюлдук телефону аркылуу кайрылууга болорун Алия Курбанова кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/ejr-manastyn-bishkek-menen-oshtun-ortosundagy-aviakattamdary-toktotuldu



Добавить комментарий