Джо Байденди коркуткан адамды коопсуздук күчтөрү атып өлтүрдү

10 август 2023 13:03 4237 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Юта штатында АКШнын президенти Жо Байден келээрине бир нече саат калганда ФБРдин кызматкерлери америкалык лидерди атып салам деп социалдык тармактарга жазган адамды атып салышты. Бул тууралуу KSL телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Юта штатынын 75 жаштагы Крейг Дилув Робертсон аттуу тургуну дүйшөмбү күнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына АКШ президентине карата коркутууларды жарыялаган.

"Мен Байден Ютага келет деп уктум. Мен эски хазмат костюмумду даярдап, M-24 снайпердик мылтыгымды тазалап жатам. Кош келиңиз!", - деп жазган адам.

Анын Фейсбуктагы баракчасы бүтүндөй президентке карата жек көрүү жана коркутуп-үркүтүүчү билдирүүлөргө толгону белгиленген. 

"Түшүмдө Джо Байдендин денесин гараждын караңгы бурчунда, кесилген башы канга боёлуп жерде жатканын көрдүм. Ура! Балким, Юта ушул аптада марксист Байден атылган жер катары атактуу болуп калышы мүмкүн», - деп жазылган анын билдирүүлөрүндө. 

Шаршембиде, АКШ лидери штатка келээрден бир нече саат мурун, ФБРдин агенттери камакка алуу ордери менен Робертсондун үйүнө келишкен. Ал күч органдарынын тынчтык жолу менен чыгып берүү өтүнүчтөрүнө жооп берген эмес. Коңшуларынын айтымында, алар мылтыктын үнүнө окшош үндөрдү угушкан. Кийинчерээк Робертсон коопсуздук күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Бирок, анын өлтүрүлүшүнө эмне себеп болгону айтыла элек. 

Басылманын айтымында, Робертсон саясатчыларга каршы кастык билдирүүлөрү үчүн ФБРдин көңүлүнө биринчи жолу түшкөн жок. Ал буга чейин Нью-Йорктун прокурору Элвин Брэггди өлтүрөм деп коркуткан, ал ошол кезде мурдагы президент Дональд Трамптын кылмыш иликтөөсүн көзөмөлдөгөн.   

Ал ошондой эле, Нью-Йорктун башкы прокурору Летитиа Джеймс, АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд жана Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюомго каршы ушундай коркутуу постторун жарыялаган.  

Ссылка: https://barometr.kg/dzho-bajdendi-ltrm-dep-korkutkan-adamdy-fbr-agentteri-atyp-ltrd



Добавить комментарий