Джерүй кенин иштетүүчү компания каржылаган фонд Талас областтык ооруканасына кымбат жабдууларды берди

26 апрель 2019 10:41 2374 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Талас областында Джерүй алтын кенин иштеткен компания каржылаган фонд тарабынан кымбат баалуу жабуу алынды.  

Талас областынын ооруканасына  "Бакубат Талас" фонду кайтарымсыз негизде 1 миллион сомдон ашык медициналык жабдууну бекер берди.  

Кыргызстанда төрөлгөндөн кийин 96 наристенин 1өө бир айга жетпей чарчап калат. Эң жогорку ымыкайлардын өлүмү Талас областынынын аймагында катталган.    

Мындай кайгылуу статистиканын себеби-дарыгерлердин колунда жаңы төрөлгөн наристенин жашоосун сактап калууга зарыл болгон заманбап медициналык техниканын жоктугу болууда.   

Мындай атайын түзүм кювез деп аталат-бул ара төрөлгөн ымыркайлар үчүн өзгөчө инкубатор. Анын айнектери тунук, мындан улам ымыркайды байкап турууга болот. Аппаратта оптималдуу жасалма климат аныкталган параметрлер менен сакталган: кычкылтектин курамы  25-40%, нымдуулук 85-100%, температура 33-38ºC болушу керек. 

Кювезде ара төрөлгөн наристелерди бир нече себептер менен жайгаштырышат: жылытуу, канды кычкылтек менен байытуу, дененин муздап калышынан сактоо үчүн.

Талас областтык бириккен ооруканасынын неонатология бөлүмүнүн башчысы Назира Исакова төрөлгөндө эле дем алуусунда маселе жаралган ымыркай тууралуу айтты: “Адегенде ал респиратордук колдоо, андан соң кычкылтектик аппаратта жатты. Наристе 14 күндөн бери бизде дарыланууда, биз аны кювезден ала албайбыз, анткени ал  тышкы чөйрөнүн температурасына туруштук бере албайт. Кювез ага зарыл болгон температураны түзүп берип жатат. Кювез чындыгында анын тагдырын чечүүдө”.  

Талас областтык бириккен ооруканасы - бүткүл аймактан патология менен төрөлгөн ымыркайларды кабыл ала турган жалгыз мекеме. Мекемеде болгону үч кювез бар.   

Талас областтык бириккен ооруканасынын директорунун орун басары Алмазбек Асымбаев мекемеде медициналык жабдуулардын жетишсиз экендигин айтты. “Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын желтухасы деген диагноз менен келген наристелер кювезде 48 саатка чейин дарыланыш керек, ал жерден фото терапия жүргүзүлөт. Кювездин жетишсиздигинен балдар болгону 8 саатка чейин эле дарыланып калып жатат, андан кийин башка балдарды жаткырыш керек, албетте мындай учурда дарылануунун убактысы жана  натыйжасы азаят”.    

Нормалдуу дарылаш үчүн эң аз дегенде 10 кювез зарыл, ал эми анын бюджеттик варинаты эле 1 миллион сомго жакын.   Оорукана «Бакубат Талас» байгерчилик фондуна көмөк сурап кайрылып жана оң жооп алган. 

«Алтын Альянс» компаниясынын көмөгү менен каржыланган «Бакубат Талас» фонду аркылуу жабдууну сатып алууга каражат бөлүндү, мындай жол менен оорукана өзүнүн медициналык жабдуулар базасын көбөйтө алды.

Бул «Бакубат Талас» фонду тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында каржыланып жаткан долбоорлордун бири. 

“Баардыгы болуп «Бакубат Талас» фонду тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында 6,2 млн сомдук 14 долбоор ишке ашырылды. Мисалы, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын бир бөлүгүнө ремонт жүргүзүлдү, ГСВ үчүн уунаалар алынды, фельшердик-акушердик пункттар оңдоодон өттү, медициналдык жабдуулардын аппарттарын сатып алдык”,-деп айтты «Бакубат Талас» байгерчилик фондунун директорунун орун басары Бакыт Турсуналиев.

«Бакубат Талас» байгерчилик фонду Талас областынын өнүгүшүнө 300 млн сом жумшады, дал ушунча сумманы эми социалдык өнүгүү тармагында жакын арада иштетүүнү пландоодо.

 

Ссылка: https://barometr.kg/dzherj-kenin-ishtetch-kompaniya-karzhylagan-fond-talas-oblasttyk-oorukanasyna-kymbat-zhabduulardy-berdi



Добавить комментарий