Өзбекстан менен Кыргызстандын жаштарынын онлайн-форуму аяктады

21 сентябрь 2020 17:36 800 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Чексиз достук» долбоорунун алкагында жаштар арасында форум болуп өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 21-сентябрь күнү, «Чексиз достук – Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ынтымактуулугун жана кызматташуусун илгерлетүү» долбоорунун алкагында өткөн Достук мамиледеги жаштардын маданият аралык онлайн-форумунун расмий жабылышы өттү.

Салтанатка жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов, Өзбекстандын жаштар иштери боюнча агенттигинин директорунун орун басары Дильноза Каттаханова, кыргызстанда БУУнун системасынын туруктуу координаторы Озонниа Ожиело, ошондой эле, кыргызстандагы ЮНИСЕФтин, ПРООНдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

«Барыңыздарды саламатта көргөнүмө кубанычтамын! Биздин терең кызматташуубуздун жакшы жыйынтыктарга алып келди. Учур менен пайдаланып Өзбекстандагы досторубузду жаштар иштери боюнча агенттиктин ачылышы менен куттуктап кетким келет. Бул өз кезегинде биз үчүн кийинки кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз», –деди М. Парханов. Сөзүн жыйынтыктап, ал кыргызстан менен өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достукка, алардын түшүнүшүүсүнө жана башка процесстерге жетүүгө көмөктөшкөн Кыргызстанда БУУнун системасынын чоң салымын белгилеп өттү.

Катышучуулар онлайн-форумдун жыйынтыктары тууралуу презентация кылышты. Ошондой эле, «Жаштар-Достук-Маданият аралык диалог» аталышында Достук мамиледеги жаштардын маданият аралык онлайн-форумунун резолюциясын кабыл алышты.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында өткөн иш-чараларга кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунда жашаган 16 жаштан 20 жашка чейинки 100дөн ашуун жаш улан-кыздар катышышты. Форум чек арага жакын жайгашкан райондорундагы эки өлкөнүн жаштарынын биригишине жана аймакта жаштар дипломатиясын илгерлетүүгө мыкты старт болду.

Онлайн-форум Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ЮНИСЕФ, ПРООН, ЮНФПАнын техникалык колдоосу менен, «Youth of Osh» коомдук бирикмеси, IDEA CA менен өнөктөштүктө БУУнун тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, «Чексиз достук» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Форумдун жабылыш аземи эл аралык тынчтык күнүнө карата уюштурулган.

Ссылка: https://barometr.kg/dostuk-mamiledegi-zhashtardyn-madaniyat-aralyk-onlajn-forumu-ayaktady



Добавить комментарий