Дональд Трамп, Ким Чон Ын жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Нобель сыйлыгын алышы мүмкүн

5 октябрь 2018 09:25 10984 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Тундүк Кореянын лидери Ким Чон Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Нобель сыйлыгын алышы мүмкүн. Бул тууралуу Time  маалымат басылмасы жазып чыкты. Билдирмеге ылайык, АКШнын президенти Трамп канча жылдан бери Америка менен Түндүк Кореянын ортосунда болуп келе жаткан ымалалардын биринчи жолу тарыхта кала турган тынчтык аскердик суйлөшүүлөрдү ишке ашыргандыгы үчүн алышы мүмкүн. Ал эми Кореянын эки лидери канча жылдан бери бирикпей келе жаткан Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилесин жакшыртып, быйыл биринчи болуп тынчтык келишимдин негизинде өзөктүк куралды жок кылууга болгон аракеттери үчүн алышы мүмкүн. 

Белгилей кетчү нерсе, быйыл 1-октябрдан тартып, нобель сыйлыгына татыктуулардын аттары атала баштады. Бардык  физика, химия, медицина сыяктуу тармактарда нобель сыйлыгын алчулардын аттары атала баштады. Сыйлыкты тапшыруу аземи Швецияда Стокгольм шаарында болмокчу.  
 
 
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/donald-tramp-kim-chon-yn-zhana-tshtk-koreyanyn-prezidenti-mun-chzhe-nobel-syjlygyn-alyshy-mmkn



Добавить комментарий