Укук коргоочу Камил Рузиев УКМК тарабынан кармалды

30 май 2020 13:38 1068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев кармалды. Бул тууралуу КР УКМК Басма-сөз борбору билдирди. 

КР УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-ж.т., Рузиев Камилжан Якупович кармалды. Бул тууралуу КР УКМК Басма-сөз борбору билдирди. 

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204- беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Каракол шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. УКМК К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот.


Ссылка: https://barometr.kg/dokumentterdi-zhasalgaloo-faktysy-boyuncha-zharan-karmaldy



Добавить комментарий