Дүйнөдөгу эн начар жолдору бар өлкөлөр белгилүү болду. Кыргызстан 122-орунга чыкты

4 июнь 2018 22:48 1212 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-2018-жылдардагы глобалдык атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн индекси боюнча дүйнөдөгү эң мыкты жана эң начар жолдору бар мамлекеттердин тизмеси жарыяланды. Ага 137 өлкө кирди. Бул тууралу Дүйнөлүк экономикалык форум сайты кабарлайт. Жолдордун сапаты бирден жетиге чейинки шкала боюнча бааланды. Бирок, бир да мамлекет эң жогорку баллга ээ болгон жок.

Эң начар жолдор Мавританияда экендиги белгилүү болду. Бул өлкө эки балл алды. Андан кийинки катарда 2,1 балл менен Конго Демократиялык Республикасы жана Гаити турат. Төртүнчү жана бешинчи орунга 2,2 баллга ээ болгон Мадагаскар жана Гвинея чыкты. Кийинкиде Йемен (2,3 балл), Парагвай (2,4 балл), Украина (2,4 балл), Мозамбик (2,5 балл) жана Молдавия (2,5 балл).

Рейтингдеги эн мыкты жолдору бар деп Бириккен Араб Эмираттары (6,4 балл), Сингапур (6,3 балл), Швейцария (6,3 балл, Гонконг (6,2 балл), Нидерланды (6,1 балл), Япония (6,1 балл), Франция (6 балл), Португалия (6 балл), Австрия (6 балл) жана АКШ (5,7 балл) аныкталды.
Ал эми Кыргызстан 2,7 балл менен 137 мамлекеттин арасынан 122-орунга чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/djndgu-en-nachar-zholdoru-bar-lklr-belgil-boldu-kyrgyzstan-122-orunga-chykty



Добавить комментарий