Дүйнөдөгү эң күчтүү жети жаштагы кыз 80 килограмм штанганы көтөрүп койду (видео)
Өз салмагынан дээрлик үч эсе чоң штанга менен көнүгүүлөрдү жасай алган канадалык кыз дүйнөдөгү эң күчтүү өспүрүм деп табылды. Бул тууралуу Daily Mail жазган маалыматка шилтеме берип “Бароемтр” билдирет.
Оттавалык жети жаштагы Рори ван Ульфт жулкуп көтөрүүдө 32 килограммга чейин, түртүп көтөрүүдө 42 килограммга чейин көтөрүп, 61 килограмм салмактагы штанга менен “приседания” көнүгүү жасап, 80 килограммга чейин салмактагы штанганы көтөрө алат. Жакында ал оор атлетика боюнча 11 жана 13 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы 30 килограммга чейинки салмакта АКШнын эң жаш чемпиону болду.
Кыз оор атлетикага беш жашынан баштап кызыгып, жумасына төрт саат машыгуу менен ушундай ийгиликтерге жетишкен. Ал ошондой эле, оор атлетикадан сырткары жумасына тогуз саат убактысын гимнастикага да бөлөт.
"Менин кызым Рори дүйнөдөгү эң күчтүү жети жаштагы кыз гана эмес, спорттун оор атлетика түрү боюнча тарыхта эң күчтүү өспүрүм болуп калышы мүмкүн", - дейт анын атасы Каван ван Ульф.
Роринин ата-энесинин айтымында, аны тажрыйбалуу машыктыруучусу жана үй-бүлөлүк дарыгери, спорттук педиатрлары карап турушат.
“Анын коопсуздугу баарынан биринчи орунда турат. Ал кылдаттык менен жана методикалык жактан даярданып, машыгат”, - деди атасы.
Рори өзү башкаларга андан үлгү алып, оор атлетика менен машыгууга кеңеш берет.
Ссылка: https://barometr.kg/djndg-e-kcht-zheti-zhashtagy-kyz-80-kilogramm-shtangany-ktrp-kojdu
Добавить комментарий ×