"Дүйнө сулуусу-2018" сынагы жыйынтыкталып, конкурстун жеңүүчүсү аталды

17 декабрь 2018 10:14 1521 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бангокто "Дүйнө сулуусу-2018" сынагы жыйынтыкталып, сынактын жеңүүчүсү аталды. Бул жолу жениш Филлипиндик сулуу Катриона Грейге буюрду. 24 жаштагы Катриона СПИДке каршы күрөшкөн бейөкмөт Эл аралык уюмдарда ыктыярчы катары эмгектенет деп айтылат конкурстагы өмүр таржымалында.

Экинчи орунду Венесуэладан келген сулуу  Стефани Гутьеррес алды. 

Тайландда 26-ноябрда башталган сынак эки жума болду. Бул убакыт аралыгында катышуучулар фотосессия, кайрымдуулук акциялары жана башка иш-чараларга катышып, ар бир сулуу өз өлкөсүн көрсөтүүгө аракет кылышты. 

Эске салсак, быйыл Кыргызстандан Бегимай Карыбекова катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-suluusu-2018-synagy-zhyjyntyktalyp-synaktyn-zhechs-ataldy



Добавить комментарий