Депутаттар социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин талап кылышты
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеш жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында социалдык-экономикалык көйгөйлөрдин чечилиши боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Жанарбек Акаев жакында КР Юстиция министрлиги «КР жарандыгы» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгондугун, анда жарандар бир мамлекеттин жарандыгын алса, экинчи мамлекеттин жарандыгынан чыгаары боюнча түзөтүү сунушталгандыгын айтып: «Мындай өзгөртүү Орусиядагы иштеп жүргөн эмгек мигранттарына көп көйгөй жаратат. Андыктан, министрлик мындай сунуштардан баш тартуусу керек. Болбосо мыйзамдын кесепети оор болот»,- дейт ал.
Депутат Аалы Карашев 2020-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кайчылаш жылы деп белгилениши эки жактуу соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө жаңы импульс болуп берерин чечмелеп берди. Ошону менен катар Улуттук статистика комитети өлкө экономикасында кабатыр кылган көрсөткүчтөр жарыялангандыгына токтолду. Анын айтымында, 2019-жылдын жыйынтыгы менен инфляция деңгээли 5,7%ды түзгөн. Ошол эле учурда орточо айлык акы 5,3%га гана көтөрүлгөн. «Андыктан, Өкмөт бул сандык көрсөткүчтөргө олуттуу мамиле кылгыла»,- дейт депутат.
Депутат Зиядин Жамалдинов Бишкек, Ош жана башка шаарларда көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын жакшы саамалык катары баалап, ошол эле маалда айрым курулуш компаниялары элди алдоо жолуна өтүп алышканын айтып, ага далил катары «Мастер-груп» курулуш компаниясын мисалга тартты. Жарандар бул маселе боюнча укук коргоо органдарына кайрылса, алар кайдыгерлик кылып, ишти карабай жатканын белгиледи. Депутат Тынчтык Шайназаров кесиптеши койгон маселени улап, «Мики-строй» курулуш компаниясынын атын атады. Мындан сырткары, Т.Шайназаров Өкмөттү Улуу Ата мекендик согуштун Улуу Жеңишине 75 жылдыгына карата согуштун жана ооруктун ардагерлерине сыйлыктарды, материалдык жардамдарды берүү маселелеринин үстүндө иш алпарууга чакырды.
Депутат Чыныбай Турсунбеков «Чыгышэлектро» мекемесинин Нарындагы филиалынан келген кайрылуу менен тааныштырып, андагы кыскартуулар, башкы кеңсесинин Балыкчыга которулушу карапайым калк убаракерчилик тартып жатканын Өкмөттүн астына койду. Мындан сырткары, Ч.Турсунбеков жаңы электр кубатын эсептегичтер эки эсе төлөм чыгарып берип жаткандыгын айтып, мунун артынан түшүп, тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин баса белгиледи.
Депутат Эрмамат Тагаев Өкмөт башчысына жана «Улуттукэнергоходинг» компаниясынын жетекчисине кайрылды. Эл өкүлү 2020-жылы кургакчылык болушу күтүлүп жатканын болжолдоп, ага байланыштуу электр кубатын өндүрүүдө маселе жаралышы мүмкүндүгүн эскертти. Эл өкүлү электр кубатынын тартыштыгын алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнү сунуш кылды.
Депутат Руслан Чойбеков «Кумтөр» алтын кениндеги топурак катмары көчүп, эки кыргыз жараны жоголуп кеткен окуяга токтолуп, алтын кендерде, өзгөчө, уулуу заттар сакталган жайларда техникалык коопсуздук маселелерине өтө катуу көзөмөл кылуу зарылдыгын айтты.
Депутат Жыргалбек Турускулов Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө балык жоголуп бара жатканын айтып, аткаруу бийлиги бул көлдөрдө балык чарбасын өнүктүрүп, балыктын санын көбөйтүүнү колго албай жатканын сынга алды. Ошол эле маалда көлдөгү балыктарды броконьерлер балыктарды кырып-жоюп жатканын эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-socialdyk-kjgjlrd-chechilishin-talap-kylyshty
Добавить комментарий ×