Депутаттар, министрлер менен бирге Өзгөн районунун көйгөйлөрүн талкуулашты
Бүгүн, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов жана башка эл өкүлдөрү Өзгөн районунун 19 айыл өкмөтүнүн башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы менен жолугушту. Чогулушка Финансы министри Адылбек Касымалиев, Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Билим берүү министринин орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы жана башка өкмөт өкүлдөрү катышышты. “Урматтуу Өзгөн районунан келген коноктор, бүгүн министрлерге олуттуу маселелер тууралуу түз суроо берсеңиздер болот. Өкмөт мүчөлөрү сиздерди кызыктырган суроолоруңуздарга жооп берүүгө даяр. Эмесе, айыл өкмөттөрүндө болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу өзүңүздөрдөн угалы. Биз депутаттар дагы өз учурунда сиздердин үнүңүздөрдү тиешелүү жерлерге жеткирүүгө аракет кылабыз”,-деди Ормонов. Чогулуш учурунда Өзгөн районунун айылдарында бир катар социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр бар экени белгилүү болду. Айыл өкмөт башчылары Большевик, Жылалды, Алга, Жалпак-Таш айылдарында мектептер авариялык абалда экенин айтышты. Ошондой эле бала бакча, жол көйгөйлөрү дагы олуттуу экенин билдиришти. Айрым айылдарда ФАПтар каралбай, айыл тургундарына медициналык жардам көрсөтүү аксап жатканы белгилүү болду. Жолугушууга келгендер учак билеттеринин баасы жогору экенин билдиришип, өкмөт мүчөлөрүнөн бул маселеге көңүл бурууну суранышты. Депутаттар жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүшөрүн жана тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилерин баса белгилешти. Өзгөндөн келген коноктор министрлер менен жолугушуп, суроолорун түз берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-ministrler-menen-birge-zgn-rajonunun-kjgjlr-talkuulandy
Добавить комментарий ×