Видео. Депутатка чалам!-деп ызы-чуу салган кытай улутунун жараны 5 күнгө камалды
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында "Фейсбук" социалдык тармагында Кытай улутунун жараны шаардык тамактануучу жайлардын биринде башка кардарларга абдан катуу мамиле жасап, ызы-чуу салып жагымсыз абал жараткан видео тараган. Токтотууга аракет кылгандарга "депутатка чалам" деп коркутууга чейин барган.
Бул иш боюнча иликтөө жүргүзүлүп, окуянын чоо-жайын кандайча болгондугун ИИМ мындай деп түшүндүрдү:
"2018-жылдын 13-октябрында саат 16:00дө алдын ала брондолуп коюлган 3 столго коноктор келишет. Алардын катарында жогоруда сөз болгон Кытай улутунун жараны да келет. 20:00 чамасында ичимдик ичип алган бул жаран менен ошол эле жердеги башка тамактанып жаткан 3 аялдын ортосунда кайым айтышуулар башталат.
Дал ушул ооз эки айтышунун натыйжасында Кытай улутунун жараны аялдарды "депутатка чалам баардык маселени чечем" деп коркута баштайт.
Түшүнбөстүктөн кийин мекеменин кызматкерлерди 3 аялды башка жерге отургузушат.
Бул окуядан кабар тапкан ИИМдин кызматкерлери тездик менен ал жаранды издөөгө алат. Жыйынтыгында ал Кытай улутунун В. Б. аттуу 1971-жылкы Бишкек шаарында жашаган жараны экендиги белгилүү болот.
Ал сурак учурунда 13-октябрда саат 18:00дө "Император" ресторанында өзүнүн үй-бүлөсү жана достору менен бирге кайын атасынын юбилейин белгилегенин, саат 21:00 чамасында агасы экөө ичимдик ичип алгандыктан "туулган күнүң менен" деген ырды катуу ырдап баштаганын айтты. Ошол учурда башка кардарлар алардын акырын болуусун суранышкан. Түшүнбөстүк ошондон келип чыккан. В. Б.нын айтымында анын эжеси аялдардан кечирим сураган.
Милиция кызматкерлери КРнын административдик жоопкерчиликтери (364-берене. Майда тартипсиздик, тактап айтканда коомдук жайлардагы адепсиздик, жарандарды кемсинтүү жана башка ушул сыяктуу жарандык тартипти жана жарандардык тынчтыгын бузуу) боюнча топтолгон маалыматтарды Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Жыйынтыгында 16-октябрь күнү сот 1971-жылы туулган Кытай улутунун жараны В. Б.ны жана 1961-жылы туулган Ч. Щ.ны 5 күн жаза өтөө чечимин кабыл алды.
Ссылка: https://barometr.kg/deputatka-chalam-dep-yzy-chuu-salgan-kytaj-ulutunun-zharany-5-kng-kamaldy
Добавить комментарий ×