Депутат Жылдыз Мусабекова реанимацияга жаткырылды
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимацияга түштү. Бул тууралуу анын уулу Кубаныч Аманбеков “Барометрге” билдирди.
Депутат айым 2-июлда видео кайрылуу жарыялап, анда ооруп калганын, ооруканаларда орун жок болуп жатканын, медициналык жардамга муктаж экенин айткан эле.
«Апам реанимацияга түштү. Оо Аллах өзүң берген оорунун шыпаасын бер», - деп жазгын Жылдыз Мусабекованын уулу.
Эскерте кетсек, өлкө боюнча бүгүн коронавирустун дагы 314 жаңы учуру катталып, жалпы 7 691ге жетти. 4 бейтап көз жумуп, жалпы 92 кишинин өмүрүн коронавирус алып кетти.
Ошондой эле, пневмониядан (коронавирус такталбаган) каза болгондордун саны да күн санап өсүүдө 195ке жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhyldyz-musabekova-reanimaciyaga-zhatkyryldy
Добавить комментарий ×