Депутат Темир Жумакадыровдун ысымын жаштар аллеясына ыйгарууну сунуштады

7 июнь 2018 21:50 2703 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Руслан Казакбаев парламенттин жыйында жаштардын кайрылуусун карап чыгууну суранды.

Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун жаштар уюмдары Темир Жумакадыровдун ысымын жаштар аллеясына ыйгаруу суранычы менен кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, уюмдар өкмөткө кайрылуу жолдошкон. Депутат, Темир Жумакадыровдун аты тарыхта кала турганын белгилеп, кайрылууну карап чыгууну өтүндү.

Эске салсак, Темир Жумакадыров 2017-жылы автокырсыктан көз жумган. Ал вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-temir-zhumakadyrovdun-ysymyn-zhashtar-alleyasyna-yjgaruunu-sunushtady



Добавить комментарий