Депутат Пархат Тулендыбаев Аламүдүн районунун тургундарына азык-түлүк таратты
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев калктын аялуу катмарына көмөк көрсөтүү ишин жигердүү улантуу менен өзгөчө абал маалында коопсуздукту камсыздоо кызматын аткарып жаткан укук коргоо кызматкерлерине да жардам берүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, эл өкүлү туугандары жана достору менен биргеликте Аламүдүн районундагы 150 аз камсыз үй-бүлөгө социалдык баштыктарды таратып, 200 милиция үчүн түшкү тамак уюштурду. Мындан тышкары Чүй облустук ички иштер башкармалыгына 25 даана атайын коргоочу кийимдерди берди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин учурдагы жана мурдагы төрагалары дагы жардам берген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-parhat-tulendybaev-alamdn-rajonunun-turgundaryna-azyk-tlk-taratty
Добавить комментарий ×