Депутат Кыргызстанда 9-класстан баштап ЖРТ тапшыртууну сунуштоодо
Бөлүшүү:
Жалпы республикалык тестирлөөнү 9-класстан баштоо керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров билдирди.
Статистикалык маалыматтарга таянсак ЖРТ тапшыргандардын жарымы керектүү баллды топтой алышпайт.
"ЖРТ минималдуу баллы - 110. Ал эми окуучулардын жарымы бул баллды топтой алышпайт. Менин оюмча ЖРТны 9-класста өткөрүү керек. Эгер алар минималдуу баллды топтой алышпаса аларды 10-11-класста окутуунун эмне кажети бар? Аларды башка багытка, лицейлерге жиберүү керек" - деди Назаров.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kyrgyzstanda-9-klasstan-bashtap-zhrt-tapshyrtuunu-sunushtoodo
Добавить комментарий ×