Депутат күйүп кеткен прокуратуранын ордуна сквер тургузуу чечимин жокко чыгарууну талап кылды
Депутат Акылбек Жамангулов күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуучу скверге байланыштуу чечимди жокко чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын айтымында сквер бул ошол аймактагы кафе жана ресторандардын бекер талаасы болот. Ал эми ал аймактагы жердин 1чарчы метри 100миң $ турат.
Жамангулов сквер тууралуу чечимди жокко чыгарып анын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу тууралуу сунуш киргизди.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эс алуучу жай, сквер тургузуу боюнча чечим кабыл алган.
Башкы прокуратуранын эски имараты Бишкек шаарынын так борборунда, тактап айтканда Киев - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 2010-жылдагы "апрель окуясы" болуп жаткан учурда имарат талап тоноого алынган жана өрттөлгөн. Ошондон бери имарат бош.
Добавить комментарий ×