Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши кайрадан тергөөгө коюлат

12 июнь 2018 23:05 824 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Жактоочу Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайлар орун алганын белгилеп, аны  оңдоо талабы менен ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Жактоочунун айтымында, тергөө маалында бир эле иш аракет боюнча эки башка чечим кабыл алышкан. Биринчисинде, Алмамбет Шыкмаматовдун аракетинде кылмыш фактысы жок деген чечим кабыл алынып, аны кайра жокко чыгарбай туруп, «жемкорлук» беренеси менен иш козголгон.

«Бул жагдай тергөөчүлөр тарабынан Баш мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес. Ошол себептен ал ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек», - деди жактоочу.

Алмамбет Шыкмаматовго  Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деген күнөө тагылууда. Соттун чечимине ылайык, ага 5 миллион сом айып төлөө милдеттендирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-almambet-shykmamatovdun-ishi-kajradan-tergg-koyulat



Добавить комментарий