Депутат Акаев: Ар бир 4-литр бензин Кыргызстанга аткезчилик жол менен кирет
Бөлүшүү:
Бүгүн, 30-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ар бир 4-литр бензин аткезчилик жол менен Кыргызстанга кирерин парламентте билдирди.
Анын айтуусунда, өкмөт муну көрүп турса дагы эч кандай чара көрбөйт.
Ал Тажикстанды мисал келтирүү менен аларда автоматташтырылган онлайн көзөмөл киргизилип, анын натыйжасында салыкты жыйноо 70%га жогорулагандыгын айтты. «Ал жакта ири компаниялар салык төлөөдөн кача алышпайти», - деди Акаев.
Депутат Тажикстандагыдай эле бардык май куюуучу жайларда көзөмөлдөөнүн онлайн-тутумун киргизип, майды ташып-сатууга көзөмөл жүргүзүүнү сунуштады.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-akaev-ar-bir-4-litr-benzin-kyrgyzstanga-atkezchilik-zhol-menen-kiret
Добавить комментарий ×