Депутат Адыл Жунус уулу "Эйр Кыргызстанды" Кытайга берүүнү сунуш кылды

4 октябрь 2018 11:20 1420 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Эйр Кыргызстандын" коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компаниядарына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында ашып-ташып атыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, бул жака 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз деген маалымат бар экен да. Эң жакшы болгон 2012- жылы 35 миллион киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси. Бул "Эйр Кыргызстандай" компания үчүн уят" -деди өз сөзүндө Адыл Жунус уулу.

Депутаттын бул пикирине Кыргызстандын Транспорт министири Жамшитбек Калилов учурда Кытайлык компаниялардын "Эйр Кыргызстанга" кызыгып жатканын ырастады, бирок ошол эле учурда бул компанияны сата алабыз деп айтуу кыйын экендигин айтты. Министирдин айтымында компанияда иштеп жаткан кызматкерлердин айлыгын төлөй албай жатканда, муну "сатабыз" деген чечим деле күмөн жаратат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-adyl-zhunus-uulu-ejr-kyrgyzstandy-kytajga-bern-sunush-kyldy



Добавить комментарий