Сага дуба, көз тийиптир! Депрессиядан кантип чыкса болот?

9 февраль 2023 07:20 10953 14 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыш узак болуп, адамга күндүн нуру жетишпегенде депрессия башталат. Депрессия деген эмне? Бул тууралуу психологдордун сунуштарына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Депрессия – кыргызча айтканда көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Азыр көбүнчө 40 жашка чейинки адамдар депрессияга чалдыгып жатышат. Күнүмдүк турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетпей башым, жүрөгүм, омурткам ооруп, чарчап-чаалыгып, уйкум качып, көңүлүм чөгүп жатат дегендер көп. Алардын организмин текшергенде саламаттыгы таза. Врачтар билбей жатышат. Менде катуу оору бар деп табып, көзү ачык, экстрасенстерге көрүнүшөт. Алар сага дуба, көз тийиптир деп эмдөөгө аракеттенишет, бирок натыйжа чыкпайт. Ошол себептен азыр 20 %га чейинки адам депрессиянын оор абалында турат. Күндүн нуру күчтүү тийген маалда адамдын организминде заттар бөлүнүп чыгат. Ошол заттар адамда депрессияга каршы иммунитет пайда кылат. Кыш узак болуп күндүн жарыгын азыраак алып, сууктан коркуп үйдө отурабыз. Жылдын мезгили да кандайдыр бир деңгээлде адамдын ден-соолугуна тасир берет.

Депрессиядан кантип арылса болот?

Норвегия, Финляндия сыяктуу түндүктө жашаган өлкөлөрдө күн аз тийгендиктен депрессяга чалдыккан адамдардын саны көбүрөөк. Өзүнө-өзү кол салуу депрессияга чалдыккан адамдардын 20 % түзөт. Айрым жаштар депрессиядан чыгалбай өлүп жатышат. Ал эми эркектердин көбү депрессия убагында аракка берилет. Жапжаш кыздар чачын да тарагысы келбей, тез чарчап, алы кетет.

Бизде депрессия тууралуу түшүнүк аз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын аныктамасы бар. Дени сак адамды кантип түшүнөбүз дегенде биринчиден, физикалык жактан органдары таза болсо, экинчиден психикалык абалы жакшы, депрессиясы жок болсо, үчүнчүдөн социалдык жактан камсыз болгон адамды чыныгы ден-соолукта деп эсептесе болот дейт.

Учурда депрессияны толук дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Психиатр десе эле мен эмне жинди болуп калдымбы деп чочулашат. Бул деле башка оорулардай өтүп кетчү дарт. Жазда аба ырайы, мезгил алмашат. Ушул маалда да организмде депрессияны колдой турган ыңгайлуу шарттар, биохимиялык өзгөрүүлөр пайда болот.

 Адамдын башында сиротамин деген зат бар. Эгер ал бөлүнүп чыкпаса биз депрессияга түшүп калабыз. Адам бардык жагынан жетиштүү, көйгөйү жок болсо да депрессияга туштугат.

Белгилери: Адегенде турмушка болгон кызыгуу азаят, мурда бир нерсеге кубанып, максат коюп, энергиялуу адам тез эле кайдыгер тартып калат. Турмуштан байыр алуу жоголуп, тамакка табити тартпайт, баш оору, уйкунун бузулушу, ыйлаактык, таарынчаактык, өзүн-өзү күнөөлөө күч алып, өлүмдү самай башташат. Эске тутуу начарлайт, тез унутат. Абдан санаачыл тартып, асан кайгы болуп, болбогон нерсеге туталанып, көңүл ачуучу жерлерге баруудан качат. Көпчүлүккө аралашкысы келбейт. Башы ооруп, омурткасы сыздайт. А биз аны остеохондроз деп дарыланып баштайбыз. Кээси мойнуна туз уюп калыптыр дешет. Эгер ошол тузду массаж кылса бир нече убакыттан кийин жеңил сезип калат. Бирок ал кайра эле башталат. Кээси баштын ичинде кан басымым бар дейт. Ушулардын баары депрессиянын белгилери.

 Кээ бирөө тынч отурса деле кыймылдап сөөктөрүн кычырата берет. Ал адамда жашыруун депрессия болушу мүмкүн. Эгер ушундай акыбал эки жумадан ашык созулса, анда дарылануу шарт.

Кээде бир жарым эки жумадан кийин организм депрессияга каршы күрөшүп өтүп кетет. Адам биринчиден өздөрүнүн психикалык ден соолугуна көңүл бурушу керек. Депрессиядан дарыланбай жүрө берсе башка ооруларды ырбатып өмүрү өкүнүчтүү аяктайт.

Депрессиядан кантип чыкса болот?

Депрессиядан чыгуу үчүн ар бир адам өзү аракеттенип, таза абада дем алып, күнгө чыгып, жакшы нерсеге алаксытып, режим сакташ керек. Эгер ошондо да колунан келбесе адиске кайрылышы шарт. Мындай адамдарга негативдүү, ызы-чуулуу тасмаларды карабай, митинг, пикетке чыкпай, комедия көрүп, жагымдуу, жай музыканы угушу туура. Адамдын көңүлүн көтөрө турган чыгармаларды угуп, көрүш керек. Өтө кызыл, кочкул, кара түстөгү өң адамды чарчатат депрессияны ого бетер күчөтөт. Көгүлтүр, ачык жашыл түстөр көңүлдү көтөрөт. Депрессия учурунда апельсин, алма, курма, банан, ак шоколад жесе баштагы сиротаминдин иштеп чыгышына жол берет.

Ссылка: https://barometr.kg/depressiyaga-batkan-erkekter-arakech-kyzdar-zhd-bolup-ketet-ekendepressiyaga-batkan-erkekter-arakech-kyzdar-zhd-bolup-ketet-eken-depressiya-degen-emne



Добавить комментарий