"Делбирим" чыгармасынан кино тартылат. Өзбек актерлору катышат

12 июнь 2018 20:40 4290 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын өзөгүндө Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип кино тартат. Маалыматтарга ылайык,  Кыргызстандын «Дан» продюсердик борбору Өзбекстандын «Узбеккино» улуттук агенттиги менен биргеликте ишке ашат. 

 Билдирүүгө караганда, Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбек актерлору Адис Ражапов жана  Улукбек Кадыров ойнойт, ал эми Асел менен Кадичанын ролун кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана  Элина Абай кызы аткарышат.Тартуу иштери 20-июнда башталат. 

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат. Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт.

Сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.

Тасманын бет ачары быйыл Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө — 12-декабрга туш келмекчи. 

Ссылка: https://barometr.kg/delbirim-chygarmasynan-kino-tartylat-zbek-akterloru-katyshat



Добавить комментарий