Даталардын дал келүүсү. Жээнбеков үч жыл мурун дал ушул күнү президент болуп шайланган
Президент Сооронбай Жээнбеков дал ушул күнү, 15-октябрда 2017-жылы өлкө башчы болуп шайланган.
Жээнбековдун Кыргызстанга президент болуп шайланганына бүгүн, туура үч жыл болду.
Ал 2017-жылы 15-октябрда шалоодон жеңип чыгып, 24-ноябрда ант бергенден кийин президенттик кызматына расмий түрдө киришкен.
5-октябрдан бери митинге чыккандардын негизги талабы Жээнбековдун бийликти тапшырып, тынчтык жолу менен өткөрүп берүүсү эле.
Бүгүн, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялады.
“Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.
Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.
Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт.
Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым”, -деген билдирүү жолдоду.
Добавить комментарий ×