Дарылардын туура сакталышына көңүл буруу зарыл
Коронавирус пандемиясы күч алып турган кезде дарыларды туура пайдалана билүүбүз абзел. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Ар бир дарыны өлчөмү менен туура колдонуу гана тиешелүү натыйжа берет. Коронавирус илдетинин экинчи толкунун күтүп дарыканалардан ар кандай дарыларды сатып алып үй шартында кармоонун кажети жок. Үй шартында сактоо эрежелерин билбегендиктен улам, дарынын терс таасири тийип калышы ыктымал.
Саламаттык сактоо министрлигинин Фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башчысы Нурдин Кагаздиевдин айтымында, дары каражаттарын нускамасында көрсөтүлгөн талаптарына ылайык сактоо зарыл, сактоо мөөнөттөрү өтүп же туура эмес сакталган дары-дармек өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн.
“Дары каражаттары сөзсүз түрдө белгилүү бир температурада, караңгы, кургак жерде, кээ бир дарылар муздаткычта сакталууга тийиш. Туура сакталбаса же мөөнөтү өтүп кеткен болсо ден соолукка зыян алып келиши толук ыктымал" , -дейт Н. Кагаздиев.
Мындан сырткары, Н.Кагаздиев дары-дармекти дарыгердин көрсөтмөсү боюнча керектүү өлчөмдө гана сатып алып жана анын нускамасына да көз чаптыруу керектигин эскерте кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/darylardy-tuura-saktalyshyna-kl-buruu-zaryl
Добавить комментарий ×