Дары-дармектер мыйзамсыз ташылып келүүдө

12 июнь 2018 02:05 1290 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кайыңды-темир жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан дары-дармек каражаттарын өткөрүү кылдаттык менен текшерилген. 

Анда «Москва — Бишкек» каттамындагы поездди каттоого алуу маалында  ар кандай логотип чапталган дары-дармектерден турган 4 коробка табылган.

«Дары-дармектер салынган коробкалар вагондун купесинде жашырылган. Учурда 4 коробканы текшерүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти чек ара кызматынан.

Ссылка: https://barometr.kg/dary-darmekter-myjzamsyz-tashylyp-keld



Добавить комментарий