Дарбыздын курамында нитраттын бар-жогун кантип аныктаса болот?

10 февраль 2022 09:24 1543 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарбыздан ууланып калуудан сак болуңуз! Андагы нитраттар адамдын жашоосуна өтө кооптуу. Себеби эрте бышкан дарбыздарды түрдүү химикаттар менен өстүрүшөт. Ошондуктан, дарбызды туура тандоону билген оң. Башка өсүмдүктөргө караганда дарбыз зыяндуу азот кычкылын өзүнө көп жыйнаган өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Дарбыздын курамында нитраттын бар-жогун кандай аныктайт?

Ал үчүн дарбызды үйгө алып келгенден кийин сууга салып коюш керек. Ошондо дарбыз суунун бетине калкып чыгат же түбүнө чөгөт. Сууга чөккөн дарбызды ойлонбостон сатуучуга кайра алып барып берсеңиз болот. Аны жегендин кереги жок.

Дарбызды кескенден кийин ортосунда сары түстү жип сыяктуу эттерди көрсөңүз, бул нитраттар болуп саналат. Кесилген дарбыз бир өңдө болсо гана анын жер семирткичсиз, таза өстүрүлгөнүнөн кабар берет.

Дарбызды жолдун жээгинен сатып албаңыз.

Көп эле көрүп жүрөбүз дарбыз бышты дегенче жолдун жээктерине тизиле саткан соодагерлерди. Бирок жол жээктеринде жана базарларда жерге коюлуп сатылган дарбызды албаш керек. Анткени жерге коюлган дарбыз өзүнө көптөгөн газдарды, зыяндуу заттарды сиңирет экен. Ошону менен катар, дарбыздын кабыгына турдүү заттар жабышат. Ал эми аны канчалык жуусаңыз да толугу менен тазалай албайсыз. Дарбыз жана коонду атайы жерлерден, сертификаты бар дүкөндөрдөн сатып алган жакшыраак. Баасынын кымбат болгонуна карабастан ушундай жерлерден соода кылыңыз.

Ден-соолукта болуңуздар!

Ссылка: https://barometr.kg/darbyzdyn-kuramynda-nitrattyn-bar-zhogun-kandaj-anyktajt



Добавить комментарий