Дайыр Исмадияров менен Гүлназ Чыныбек кызы элдин демилгеси менен 8 саатта ыр жаздырып 1 күндө клип тартканга жетишишти

27 февраль 2019 10:33 1568 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Өнөр адамдарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө үчүн Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор чогулуп шерине өткөруп жатканы көпчүлүкө тараганы маалым. Алар бир чогулганда "Алма сунсам колума" деген чыгармасын ырдаган видеосу чыккан эле. Эми Дайыр Исмадияров менен Гүлназ Чыныбек кызы жаңылап ырдап чыкты.

Ал ырды ырдап тим болбой жалпы шеринелештерин клипке тартканын да кабарлады. Дайыр Исмадияров:

"Ниеттер ишке аша баштады достор. Тез арада ырды жаздырып, клип менен чогуу тартуулайлы деп чечтик. Дагы бир жолу айта кетейин бул эмгек сиздердин демилгеңиздер менен ишке ашып жатат",-деп жакынкы күндөрдө элге жаңы клип тартууланаарын айтты.

Көпчүлүк ырдын хит болооруна терең ишенээрин айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/dajyr-ismadiyarov-menen-glnaz-chynybek-kyzy-eldin-demilgesi-menen-8-saatta-yr-zhazdyryp-1-knd-klip-tartkanga-zhetishishti



Добавить комментарий