Дайынсыз жоголгон Бахтигулдү эки айдан бери издеп жатышат
Бөлүшүү:
Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон Каликулова Бахтигул Умаралиевнаны издеп жатышат. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бахтигул 2000-жылы Кара-Балта шаарында туулган, 7-мартта болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон келбей калган.
Белгилери: 163-165 см, кызыл куртка, кызгылт кофта, кызыл түстүү джинсы кийип, жашыл түстүү кроссовкаларды кийип жүргөн.
Милиция кызды тааныгандар болсо 0(312) 22-15-58, 0 (701) 00-57-15, 0(557) 09-20-00 же 102 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-bahtiguld-eki-ajdan-beri-izdep-zhatyshat
Добавить комментарий ×