Дагы бир сот Кыргызстандан качып кетти
Кыргызстанда дагы бир сотко издөө жарыяланды. УКМК берген маалыматка таянсак, Чүй облусунун Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлес Кыргызстандан чыгып кетти жана ага издөө жарыяланды.
Феликс Марлес судьянын милдетин аткаруудан 2018-жылдын көз айларында четтетилген жана Соттор кеңешинин алдындагы дициплинардык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Качып кеткен сот пара алды деп айыпталууда. «Дело №...» гезити берген маалыматта аталган судья тарабынан чыккан айрым чечимдердин негизинде текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерине ал акча сунуш кылгандыгы айтылат. Феликс Марлес караган бардык иштер талаштуу жер тилкелерине байланыштуу болгон. Москва райондук сотунун мурдагы жетекчиси Түркияга качып кеткендиги белгилүү болду.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Аскер сотунун экс-төрагасы Нурланбек Ашымбеков качып кеткен. Ага карата да издөө жарыяланган. Ошондой эле миңден ашык административдик иштерди жок кылуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев дагы АКШга качып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-sot-kyrgyzstandan-kachyp-ketti
Добавить комментарий ×