ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков расмий иш сапар менен Өзбекстанга келди
Бөлүшүү:
Бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация расмий иш сапар менен Өзбекстан Республикасына келди.
Учак Самарканд шаарына конуп, делегацияны жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү тосуп алышты. Бүгүн, бир катар иш-чаралар мерчемделген, алардын катарында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш-чарасы да өтөт.
Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9992
Добавить комментарий ×