Сот аткаруучулар НТС каналынын мүлктөрүн каттоону баштады

20 декабрь 2017 14:52 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы тапта сот аткаруучулар НТС менчик телекомпаниясынын жетекчилери жана юристтери менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. НТС телеканалынын мүлктөрүн каттоо башталды.

Парламенттин депутаты Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев, артында «25 кадр» ЖАКсынын директору Сергей Костырин жана Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев турган бул окуяларды рейдер жолу менен басып алуучулук деп атады.

Кечээ, сот аткаруучулар аталган телеканалдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча соттун токтому менен каналга барышкан.

Кыргызстандын Соттук департаменти ТРК НТС каналынын тегерегинде болуп жаткан жагдайлар тууралуу түшүндүрмө берди.

Бишкек шаардык райондор аралык соттун 19.12.2017деги аныктамасынын негизинде «Grexton capital LTD» компаниясынан доо арызды камсыздоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө иш-аракеттер жасалды.

Эч кандай басып алуу жөнүндө кептер болгон жок, кабыл алынган соттун аныктамасы төмөнкүнү гана карайт:
а) ТРК НТСтин мүлктөрүн камакка алуу;
б) мүлктөрдү ишеним башкаруудагы жоопкерчиликтүү жакка берүү (ТРК НТСтин башкы директоруна).

Мындай учурда сот аткаруучулар тарабынан, мүлктү активдештирүү жана ишеним башкаруу үчүн жоопкерчиликтүү жакка өткөрүп берүү болжонгон.

«Grexton Capital LTD» компаниясы Бишкек шаардык Райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылган.

Жарандык процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык, доо арызды камсыздоо боюнча соттун аныктамасы кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана дароо аткарууга коюлат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9988



Добавить комментарий