Талантбек Батыралиев, Саламаттыкты сактоо министри: “Ымыркайлардын саламаттыгын чыңдоо максатында атайын программалар иштеп жатат ”

3 март 2017 10:25 425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 “СДПК” фракциясынын фракциялык жыйынында  Саламаттыкты сактоо министри  Талантбек Батыралиев дарылардын саясаты   тууралуу маалымат берди.  “Мамлекетте балдардын өлүмү 2015-жылы  7,9% болгон.   Ал эми 2016-жылга  салыштырмалуу  15% га азайган.   Бул  “СДПК” фракциясынын  жасаган иш аракети үчүн болду.  Жогорку билими бар  33 000 дарыгер калкка жардам көрсөтүштү.  Жасалып жаткан  аракеттерге карабастан  жүрөк кан тамыр оорусу менен ооругандар  көбөйүүдө.  Республикада кургак учукка байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.  Аялдар арасында  СПИД менен ооруган 66 кош бойлуу айым катталган”-дейт   министр.  Ымыркайлардын ден-соолугун чыңдоо максатында  атайын программа киргизилип, иштеп жатканын дагы кошумчалады. . 

Ссылка: https://barometr.kg/content998



Добавить комментарий