Рамзан Кадыровдун кызы мода дүйнөсүнүн сыйлыгын алды

20 декабрь 2017 11:04 891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чеченстан Республикасынын башчысынын кызы, Firdaws мода үйүн жетектеген Айшат Кадырова,  Fashion New Year Awards - 2018 мода дүйнөсүнүн ар жылкы сыйлык тапшыруу салтанатынын алкагында, «Тоо бермети (Горная жемчужина)» аялдар кийимдер коллекциясы үчүн сыйлык алды.

Айшат Кадыровага "Мыкты көрсөтүү" номинациясындагы сыйлыкты БУДдун (ЦУМ) фэшн-директору Алла Вербер тапшырып, мода үйүнө өнүгүү каалады.

"Айшат, сиз чыны менен бул сыйлыкка татыктуусуз, анткени сиздин бренд бүгүн интернационалдуу болуп калды. Бул брендке сиз бардык күч-энергияңызды салгандай сезим калтырат", - деди Вербер.

Белгилесек, Айшат Firdaws мода үйүнүн креативдик директору жана президенти. Мода үйү анын апасы Медни Кадырова тарабынан 2009-жылы негизделген. Октябрь айынын аягында Mercedes Benz Fashion Week алкагында аялдар үчүн Айшат Кадырованын 50 көйнөк жана аксессуарлардан турган «Тоо бермети» деген жаңы коллекциясы көрсөтүлгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9975



Добавить комментарий