ЭККМК: НТСке барган кишилер биздин кызматкерлер эмес

19 декабрь 2017 19:09 683 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК), ЭККМКнын кызматкерлери НТС телеканалын камакка алуу үчүн келген деген маалыматты четке какты.

Алардын айтымында, ал жакка барган кишилер, формасынан түшүнүктүү болгондой, аталган кызматтын кызматкери эмес.

Эске салсак, бүгүн, ТРК НТСке укук коргоо органдарынын ондой кызматкери келген. Телеканалдын кызматкерлери алар ЭККМКнын өкүлдөрү деп ырасташты. Алар башкы директорго НТС телеканалын жабуу жана ТРКнын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтомду берели дешкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9953



Добавить комментарий