НТС телеканалын жабуу талап кылынды

19 декабрь 2017 18:47 671 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 19-декабрда, НТС телеканалынын имаратына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери токтом менен келишти. Бул боюнча маалыматты Kaktus.mediaга НТС телеканалынын кызматкерлерли ырастады.

"Алардын баары жогорку наамдагы кишилер: капитандар, подполковниктер. Алар башкы директорго НТС телеканалын жабуу жана ТРКнын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтомду берели дешкен. Азыркы тапта директор Үсөн уулу Жайнак ордунда болбогондуктан алар департаменттердин директорлору жана башкы редактор менен сүйлөшүп жатышат»,-деп түшүндүрүштү кызматкерлер.

Белгилесек, бул телеканал мурунку президентке талапкер, ишкер Өмүрбек Бабановго таандык, учурда Бабанов чет жакта жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content9952



Добавить комментарий