Айнаш Токбаева Болгариядан келген өкүлдөрдү кабыл алды

2 март 2017 17:16 443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов жана Жогорку сотко караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Раушан Тургунбаева баштаган  өкүлдөр менен Жогорку соттун Төрайым Айнаш Токбаева  Болгариядан келген адамдарды кабыл алып маектешти.

Болгария Республикасынан келген доцент, “Св. Климент Охридски” атындагы София университетинин юридикалык факультетинин деканынын орун басары Георги Митов, Болгариянын адвокаттарын окутуу борборунун Кеңешинин Төрагасы Йордан Йорданов мырзалар жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон айым менен жолукту. Тараптар судьялардын квалификациясын жогорулатууга, майнаптуу окутууларды уюштурууга байланышкан маселелерди көтөрүп, сүйлөшүү жүргүздү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content995



Добавить комментарий