Гүлчөдө менчик ишкана ичүүчү сууну булгап, тургундарды жүдөтүүдө

19 декабрь 2017 16:25 631 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алай районундагы “Гүлчө таза суу” ишканасы экологиялык жана техникалык эрежелерди сактабаганы үчүн, учурда Гүлчө айылынын жашоочуларынын ден соолугу кооптуу абалда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Гүлчө таза суу» ишканасы сууну тазалоо боюнча атайын иштерди жүргүзбөй келет жана өзүнүн милдеттерине болгон кайдыгер мамилесин көрсөтүүдө.

"Бүгүнкү күнгө дейре аталган кызматтын Алай району боюнча инспектору Сүйөркул Осмонов бул ишканага бир нече жолу кат жүзүндө эскертүү жиберген. Булганган ичүүчү суудан бөлөк, ишкананын аймагы калдыктарга толгон. Мындай эреже бузууларды жоюу үчүн ишканага бир ай убакыт берилген. Ошондой эле биргелешкен иштерди аткаруу үчүн тиешелүү органдарга каттар жөнөтүлгөн.

Инспекторлордун пикирине ылайык, эгер бул кырдаалды тез арада жөнгө салбаса тургундардын түрдүү дарттарга чалдыгуу кооптулугу бар.

Ссылка: https://barometr.kg/content9947



Добавить комментарий