Анна Курникова менен Энрике Иглесиас эгиз балалуу болушту

19 декабрь 2017 12:39 984 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык теннисчи, модель Анна Курникова эки эгиз бала төрөдү. Бул тууралуу басылмалар жазды. Курникова менен испаниялык ырчы Энрики Иглесиастын үй-бүлөсүндө ушул жылы 16-декабрда эгиз ымыркайлар: кыз жана уул төрөлдү. Бирок жубайлар азырынча бул маалыматты расмий түрдө тастыктап же четке кагыша элек.

Маалымдалгандай, ата-энелери балдарына Люси жана Николас деген ысым берди. Айрым маалыматтарга ылайык, алгачкы жолу эне статусуна ээ болуп жаткан 36 жаштагы Курникова эгиздерди Майамиде жарыкка алып келген.

Эске салсак, Анна Курникова менен Энрики Иглесиас 2004-жылы баш кошушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9930



Добавить комментарий