Учкуч-сыноочулардын пенсиясын 50%га көбөйтүү сунушталууда
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду.
Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланган.
Бул мыйзам долбоорду КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев демилгелеп жатат.
Демек, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, учкуч-сыноочулардын пенсиясын жогорулатуу сунушталууда.
«Кыргыз аба жолдору» Улуттук авиа ташуу» ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамында иштешкен жарандардын эмгегинин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияларына иштеген жылдарына жараша төмөнкүдөй пайыздарда: 25 жаштан 35 жашка чейин – 20 пайыз, 35 жаштан 45 жашка чейин – 30 пайыз, 45 жаштан жогору – 50 пайыз кошумча төлөөлөр белгиленет.
Пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү жалпыга белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Мыйзамдарга ылайык ишканалар жоюлган, кайра түзүлгөн учурларда эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө Социалдык фонддун органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ушул категориядагы жарандардын эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялары өзгөчө мүнөзгө ээ болгон эмгектин зыяндуу, кооптуу жана кыйын шарттары менен байланыштуу белгиленет.
«Кыргыз аба жолдору» Улуттук авиа ташуу» ачык акционердик коому (мындан ары – КАЖ УАТ ААК) Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен атайын администрациялоо жол-жобосун дайындоо менен банкрот деп таанылганын белгилөө керек. 2017-жылдын 1-январына абал боюнча карыз 38,9 млн. сомду түзөт. Банкроттук жол-жобосу бүгүнкү күнгө аяктаган жок жана карыз тындырылган жок.
Аталган компаниянын мурунку кызматкерлеринин пенсиясынын базалык, камсыздандыруу бөлүгүн төлөө каражаттары жыл сайын республикалык бюджетте каралат. Экинчи камсыздандыруу бөлүгү социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Бирок КАЖ УАТ ААК учуу жана учуу-сыноо курамынын жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык кесиптик бирлигинин мурдагы кызматкерлеринин социалдык камсыздандыруу жаатындагы кошумча кепилдиктер маселеси боюнча кайрылуулары бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Буга байланыштуу жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Көрсөтүлгөн кошумча төөлөрдү төлөөнү пенсия менен бирге республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук өлчөмдө жүргүзүү сунуш кылынат. Мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун 94-СОЦ формасы боюнча маалыматтары боюнча Социалдык фонддо эсепте турган КАЖ УАТ ААК учуу жана учуу-сыноо курамында иштешкен пенсионерлердин саны 2017-жылдын 1-январына 98 адамды түзөт, пенсиялардын орточо өлчөмү – 9243 сом. Кошумча төлөөлөрдү төлөөгө ар жылдык кошумча керектөө 5,5 млн. сомду түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content9926
Добавить комментарий ×