Бишкекте өлгөн ымыркайдын энеси изделип жатат
Бөлүшүү:
Бишкекте Аламедин-1 районунда Чоң Чүй Каналынын жанында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 100-беренеси (Эненин жаңы туулган баланы өлтүрүүгө аракет кылыш) боюнча иш козголгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинен билдиришкен.
Маалымдалгандай, баланын сөөгү ушул жылы 14-декабрда табылган. Учурда бийликтин өкүлдөрү буга байланыштуу иликтөө иш-аракеттери жана экспертизаларды жүргүзүүдө.
"Ымыркайдын денесинде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилер болгон эмес", -деп кошумчалашты Бишкек шаардык ИИББсинен.
Ссылка: https://barometr.kg/content9925
Добавить комментарий ×